Орусияда кыргызстандык аскерлердин катышуусунда ЖККУнун машыгуулары аяктадыКыргызстанга миграциялык агым 2025-жылы 15,4 миң адамга жеттиКыргызстанда өлүмдүн көрсөткүчү беш жылда 14%га төмөндөдүФАОнун азык-түлүк бааларынын индекси сентябрда бир жылда 5,8% өстүКыргызстанда төрөттүн жыйынды коэффициенти 2,6га чейин төмөндөдүКыргызстан менен Орусия ветеринария тармагында кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту
Президент Лукашенко эмне үчүн уюлдук телефон колдонбойт?
20.05.2022 | 17:37
Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко жаштарды уюлдук телефонду азыраак колдогууга үндөдү, деп жазат Lenta.ru.
Жаш активисттер менен жолугушууда президент өзү уюлдук телефон колдонбой тургандыгын айтып: “Телефон биринчи кезекте баарлашуу жана интернет үчүн гана керек. Интернетти жашоого зарыл болгон маалыматтарды алуу үчүн гана пайдалануу керек. Ал эми жөн гана смартфон тиктеп отуруунун кажети жок. Кийин телефон чукулаган кичинекей абышкаларга окшоп калбагыла”, – деди Лукашенко.
Ошондой эле, ал өзү бир нече себептерден улам жана анын ичинде коопсуздугу үчүн дагы телефон колдонбой тургандыгын айтты.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар