Бишкекте 1,2 млн долларга Улуттук вакцина кампасы курулат: долбоордун чоо-жайыБалыкчы шаарынын кире беришине жаңы арка курулууда«Bulgari» зергер үйүнүн чеберлери 50 кыргызстандыкты зер буюмдарынын дизайнына окутатЕАӨБ: Борбор Азияда электр энергиясына минималдуу тарифтер сакталуудаЧуңкурчакта жапайы түлкүгө ок атышкан. Милиция 4 эркек кишини аныктадыСаламаттык сактоо министрлиги жана ДСУ Кыргызстандын алыскы аймактарында санариптик медицинаны кеңейтүүнү макулдашты
Бишкекте эки унаа кагылышып, айдоочулары ооруканага түштү
26.11.2024 | 13:05
Бишкекте эки жеңил унаа кагылышып, айдоочулар ооруканага түштү. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.
Жол кырсык бүгүн, 26-ноябрда болжол менен саат 06:00да “Ынтымак Ордо” имаратынын тушунда болгон. 39 жаштагы айдоочу Т.К. “Тойота-Ранекс” унаасы менен Ч. Айтматов проспектисинде түндүктү көздөй баратып, солго бурулганда, түштүктү көздөй бараткан “Хендай-Санта Фе” унаасы экөө кагылышкан. Ал унааны 39 жаштагы Ж.Р. аттуу жаран айдап келе жаткан. Натыйжада эки айдоочу тең жабыркап, тез жардам унаасы менен ооруканага жеткирилген.
Аталган факт милицияда каттоого алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.
Жол кырсыкка кабылган унаалар айып короого коюлган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом