Бишкекте эртеңден тарта №226 автобус каттай баштайт

Бишкекте эртеңден тарта №226 автобус каттай баштайт

Бишкекте эртеңден тарта №226 автобус каттамы каттай баштайт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, чечим шаардын каттамдык тармагын оптималдаштыруунун натыйжасында жана тургундардын, “Дордой” СБКнин жумушчуларынын, жана администрациясынын, ошондой базарга келүүчүлөрдүн көптөгөн кайрылууларын эске алуу менен кабыл алынды.

Мындан кийин №226 кичи маршуттук каттам ушул эле номердеги автобустарга алмаштырылып, аны “БЖАИ” МИ тейлейт.

Каттам Асанбай кичирайонунан “Дордой” базарына чейин каттап, шаардын түштүк жана түндүк райондорун камтыйт, узундугу 28,4 чакырым, ал эми автобустардын кыймыл интервалы 7-10 мүнөттү түзөт.

Каттамда 20 автобус кызмат көрсөтөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>