Бишкек мэри шаарда метро курулабы деген суроого жооп бердиЭнергетика министрлиги: “Кемин” көмөк чордону ноябрга чейин толук даяр болотБаңгизаттарга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери эл аралык мелдеште 3-орунду ээледиТрамп ноябрдан тарта АКШ Кытайга 100%дык бажы төлөмдөрүн киргизерин билдирдиЖашоо кымбаттады: Кыргызстанда жашоо минимуму 8,7 миң сомго жеттиКыргызстандык жаштар Финансылык коопсуздук боюнча эл аралык олимпиада ийгилик жаратышты
Бишкекте фонтандардын сезону башталды
01.05.2025 | 15:57
Бүгүн, 1-майда Бишкек шаарында фонтан сезону расмий түрдө ачылды. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди.
«Тазалык» ишканасы 17 шаардык фонтанды ишке киргизген. Алар күн сайын саат 9:00дөн 21:00гө чейин иштейт, техникалык тыныгуу саат 13:00төн 16:00гө чейин каралган.
“Фонтандар Бишкекке жан киргизип, эс алуу жана жайлуулук атмосферасын тартуулайт. Баардыгыңызды шаардагы бул кооз жерлерге келип, булактын жамгырындай жагымдуу үндөрү коштогон жазгы маанайдан ырахат алууга чакырабыз”,- деп билдирди мэрия.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом