Бишкек шаарында Баялинов атындагы китепканада жайгашкан Француз альянсынын базасында Campus France билим борбору ачылды. Борбордун расмий ачылыш аземи кечээ, 27-майда өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Иш-чарага билим берүү жана илим министрлигинин биринчи орун басары Мухтарбек Баймурзаев жана Франциянын тышкы соода жана чет өлкөдөгү француз жарандары боюнча жооптуу министри Лоран Сен-Мартен катышты.
Борбор Францияда билим алууну каалаган кыргызстандык студенттерге ар тараптуу колдоо көрсөтүүчү жана маалымат берүүчү жай болот.
Мухтарбек Баймурзаев өз сөзүндө Campus France борборунун ачылышы кыргыз-француз билим берүү кызматташтыгында жаңы этап болуп саналарын, борбор эл аралык тажрыйбаны өздөштүрүүгө жана маданий байланыштарды кеңейтүүгө жол ачарын баса белгиледи.
Лоран Сен-Мартен болсо борбор Францияда окууну каалаган жаштар үчүн бирдиктүү жана ачык маалымат булагы болуп кызмат кыларын айтып, DELF scolaire келишиминин узартылышы билимдин сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөрүнө ишеним арта турганын билдирди.
Ошондой эле иш-чарада Бишкектеги №26 мектептин француз тили боюнча DELF сертификаттык экзамендерин өткөрүү укугун узартуу тууралуу макулдашууга кол коюлду. Бул мектеп Кыргызстанда француз тилин тереңдетип үйрөтүүчү жападан жалгыз орто мектеп болуп саналат.