Бишкектеги «Манас» кинотеатрынын маңдайына жер астындагы өтмөк курулатЕӨБ Кыргызстанга электр түзүмүн өнүктүрүү үчүн 61 миллион евродон ашык каражат бөлөтМурдагы депутат Шайлообек Атазов абактан чыктыӨкмөт жаңы энергетикалык кубаттуулуктарды ишке киргизүү темпи реалдуу суроо-талаптан артта калып жатканын моюнга алдыИндияда айыкпас вирустун чыгышынан улам жүздөгөн адамдар карантинге алындыТаласта медициналык жана коргонуу муктаждыктары үчүн төө буурчактан протеин өндүрүү технологиясы иштелип чыкты
Бишкекте фура жолтандабас менен кагышып, 10 жаштагы баланы сүзүп кетти
14.10.2025 | 11:10
Бишкекте оор жүк ташуучу унаанын 39 жаштагы айдоочусу жолтандабас менен кагышып, андан кийин 10 жаштагы баланы сүзүп кеткен. Жол кырсыгынын видеосу социалдык тармактарга тарады.
Видеодо жүк менен бара жаткан фура Токомбаев көчөсү менен батыш тарапты көздөй бара жатып, жөө өтмөккө жетпей токтоого аракет кылганы, бирок токтоп үлгүрбөй алдындагы жолтандабаска урунуп, андан соң жөө өтүп бараткан жаш баланы сүзүп кеткен учур тартылган.
Милициянын Кайгуул кызмат башкармалыгынын маалыматында, кырсык кечээ, 13-октябрда, болжол менен саат 15:50дө болгон. 10 жаштагы бала баш мээнин жана оң бутунун жумшак ткандардын көгөргөн жаракаттары менен балдар клиникалык ооруканасына жеткирилген.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар