Кыргызстанга сырттан алма ташып келүүгө убактылуу тыюу салындыКыргызстанга синтетикалык баңгизат ташып келүүгө шектелип, жети жаран кармалдыКыргызстандын төрт облусунда уруксатсыз таштанды төгүү жайларына көзөмөл күчөтүлөтКыргызстанда жерлерди тариздөө жана алып коюу эрежелерин өзгөртүү сунушталуудаБишкекте «Мажар эл жомоктору» анимациялык сериалынын көргөзмөсү өтөтХарри Кейн «Алтын топту» утуп, Дембеле, Мбаппе жана Холандды артта калтырды
Тажикстан Кыргызстанга экспортун 19 эсеге көбөйттү
22.01.2026 | 13:02
Тажикстан Республикасынын Бажы кызматынын маалыматына ылайык, Кыргызстанга товар экспорттоонун көлөмү олуттуу өстү: эгер 2024-жылы ал 475 миң долларды түзсө, өткөн жылы 9 миллион долларга жеткен. Ошентип, көрсөткүч 19 эсеге жогорулаган.
Эксперттер өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүүнүн өсүшүн тынчтык келишимине жана Түбөлүк достук жөнүндө декларацияга кол коюлушу менен байланыштырууда. Ошол эле учурда Кыргызстан ЕАЭБдин Тажикстан менен жалпы чек арасы бар жалгыз өлкөсү бойдон калууда. Жалпысынан 2025-жылдын 11 айында Тажикстан дүйнөнүн 124 өлкөсү менен соода алакасын жүргүзгөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика