ӨКМ: Ашууларга кар көчкү түшүшү мүмкүнАдылбек Касымалиев Ысык-Көл облусундагы жол курулуштарынын жүрүшүн текшердиКантта мурдагы аялын уурдап, акча талап кылган 36 жаштагы шектүү кармалдыОш шаарында жаңы өндүрүш зоналарын түзүү пландалууда16-март: Өлкөнүн айрым аймактарында жаан, кар жаайтБШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыратты
Бишкекте кайгуул кызматынын унаасы оодарылып кетти (видео)
18.09.2023 | 12:21
Бишкекте Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын кызматтык унаасы жол кырсыкка кабылып, оодарылып кетти.
Окуя тууралуу кайгуул кызматы маалымат берип, жол кырсык Hyundai унаасынын айдоочусунун жол эреже бузгандыгынан улам болгонун билдирди. Жол кырсыгы Медеров менен Мавлянов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
Аталган башкармалыктан билдиришкендей, Hyundai артта келе жаткан кайгуул кызматынын унаасын өткөрбөй, күтүүсүз жерден солго бурулууга аракет кылган. Натыйжада кайгуул кызматкери рулду башкара албай, унаа оодарылып кеткен.
“Жол кырсыгында жаракат алгандар жок. Бул жол кырсыгы боюнчакызматтык териштирүү иштери башталды”, – деп айтылат маалыматта.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз