Садыр Жапаров Нью-Йоркко иш сапар менен барды. Делегациянын курамы

Садыр Жапаров Нью-Йоркко иш сапар менен барды. Делегациянын курамы

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-сентябрда, Нью-Йорк шаарына (АКШ) БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын иш-чараларына катышуу үчүн барды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

«Сапардын алкагында президент БУУнун саммитинин ишине Туруктуу өнүгүү максаттары боюнча саммиттин Лидерлеринин диалогуна катышат, БУУнун Башкы ассамблеясынын жалпы дебаттарында сөз сүйлөйт, ошондой эле Борбор Азия мамлекеттеринин башчылары жана АКШнын президенти Жо Байдендин биринчи саммитине катышат», — деп айтылат маалыматта.

Андан тышкары, Садыр Жапаров БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен, БУУнун Башкы Ассамблеясынын алкагында чет мамлекеттердин жана эл аралык финансы институттарынын башчылары менен бир катар жолугушууларды өткөрөт.

Ошондой эле Жапаров АКШнын бир катар ири компанияларынын өкүлдөрү менен кыргыз-америка бизнес-форумунда сөз сүйлөйт.

Кыргызстандын расмий делегациясынын курамындагылар:

  • тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
  • президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
  • Кыргызстандын АКШдагы элчиси Бактыбек Аманбаев;
  • президенттин администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын башчысы Алмаз Исанов;
  • жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министри Мелис Тургунбаев;
  • саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев;
  • экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев;
  • юстиция министри Аяз Баетов;
  • Кыргызстандын БУУнун Нью-Йорк шаарындагы туруктуу өкүлү Аида Касымалиева.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>