«Баатыр эне» энелеринин балдарына окуу боюнча жеңилдиктер. ЖК комитети мыйзам долбоорун жактырды«Кыргызстанга жыл бою иштөөчү туризм керек». Сергей Глуховеров — сезон, жаңы каттамдар жана тармактын келечеги тууралууКР Коопсуздук кеңешинин катчысы жана Венгриянын премьеринин кеңешчиси глобалдык коопсуздук маселелери боюнча позицияларын такташтыКыргызстанда туризмдин кирешеси 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча 1 млрд долларга жеттиНарында эки адамды сүзүп кеткен айдоочу 23 жаштагы аскер кызматчысы экени белгилүү болдуТрамп Ирандын мунай ресурстарына АКШнын көзөмөлүн орнотуу мүмкүнчүлүгүн четке какпайт
Бишкекте кайсы стационарларда бош орундар бар? – Тизме
05.08.2020 | 10:45
Стационарларга кайрылгандардын саны күн сайын азайып жаткандыктан бейтаптар үчүн даярдалган орундардын көбү бош турат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлиги билдирет.
Министрлик 5-август саат 08:00гө карата кайсы стационарларда бош орундар бар экендиги тууралуу маалымат таратты.
- Улуттук фтизиатрия борбору – 5;
- Темир жол ооруканасы – 18;
- Улуттук хирургиялык борбор – 13;
- Улуттук госпиталь – 53;
- Таш-Дөбө айылындагы Кыргыз илимий-изилдөө институту – 96;
- №1 шаардык оорукана – 124;
- «Семетей» (мурунку «Ганси» авиабазасы ) – 262;
- Көзүнүн көрүүсү менен жабыркаган балдардын интернаты – 64;
- «Ынтымак» медресеси – 66;
- Наркология борбору – 105;
- Суворов окуу жайы – 74;
- Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын медициналык борбору – 43;
- Улуттук кардиология жана терапия борбору – 11;
- Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасы – 105.
Коронавирус жана пневмониядан жабыркагандардын саны көбөйгөндүктөн Бишкекте кошумча күндүзгү жана түнкү стационарлар ачылган болчу.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом