Бишкекте өспүрүмдүн кызыл өңгөчүнө сөөк тыгылып калып, операция аркылуу алынды«Кыргызнефтегаздагы» коррупция ишине шектелген Байгазы Матисаков абактан бошотулдуБишкекте 6 жашар бала иттерге таланган окуя боюнча кылмыш иши козголдуБишкекте 6 жашар бала иттерге таланып, ооруканага түштүАйыл чарба министрликке кабыл алууга кире албай жатышат — депутатЕАЭБде учкучсуз жүк ташууну жайылтуу пландалууда
Бишкекте кийим өндүрүүчүлөр жана сатуучулар үчүн жарманке өтөт
07.04.2025 | 15:14
18-19-апрель күндөрү Бишкекте Textile & Logistic Fair 2025 аталышындагы эл аралык чоң жарманке өтөт. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасы кабарлады.
Жеңил өнөр жай тармагындагы өндүрүүчүлөр, ишкерлер, байерлер жана сатуучулардын башын бириктирген жарманкеде тажрыйбалуу ишкерлер сөз сүйлөйт.
Катышуучу спикерлердин арасында “Дордой Страхование” ишканасынын башкы директору Бакай Акматов, Ozonдун Кыргызстандагы коммерциялык директору Асел Тургунбекова, Wildberriesтин Кыргызстандагы директору Ксения Школьникова бар.
Жарманке борбор калаанын К.Кожомкул атындагы Спорт сарайында саат 10:00дө башталат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом