Гуманитардык сабактардын мугалимдери айлыгы төмөн экенине нааразыНоокенде бала бакчада 80 литрлик бойлер жарылып, имарат катуу жабыркадыБалыкчы — Кочкор темир жол тилкеси 2026-жылдын августунда ишке киргизилет – «Кыргыз темир жолу» УК»Ысык-Ата районундагы «Туз» суу сактагычынын сыйымдуулугу эки эсеге көбөйөтЧет өлкөлүк жарандар балдарын мектепке 1-класска кантип каттай алышатЧүйдө «Асыл Тери» терини кайра иштетүүчү заводунун курулушу башталды
Бишкекте кинотеатрлар менен компьютердик клубдар иштеп баштайт
01.12.2020 | 10:08
Бишкекте 1-декабрдан тартып кинотеатрлар, компьютердик клубдар жана соода борборлорунун ичиндеги коомдук тамактануучу жайлар (фуд-корт) ачылат. Бул тууралуу шаардын вице-мэри Айжан Чыныбаева брифинг учурунда айтты.
Анын айтымында, ишин жанданта баштаган мекеме-ишканалар санитардык-эпидемиологиялык жана башка талаптарды сакташы керек.
Вице-мэр ошондой эле, массалык иш чараларды өткөрүүгө азырынча уруксат берилерилбей турганын айтты.
Белгилей кетсек коронавирус өлкөгө келген март айынан бери 72 миңден ашык адам бул илдетти жуктуруп алып, 64 миңден ашыгы кайра ооруну жеңип чыккан. Ал эми 1271 адам илдеттин курмандыгы болгон.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом