Бишкекте көчөдө өскөн теректи кыйган жаран айыпка жыгылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Мэриянын маалыматы боюнча, аталган жаран кыйган терек муниципалдык жерде жайгашкан. Мыйзам боюнча аларды уруксатсыз кыюуга болбойт. Жыйынтыгында ага 5,5 миң сом айып салынган.
Ошондой эле ал кыйылган теректин ордуна башка көчөттөрдү тигүү милдетин алган.