Бишкекте коляска менен маршруткага түшкөн балалуу аялды айдоочу күч менен чыгарып салды — видео

Бишкекте коляска менен маршруткага түшкөн балалуу аялды айдоочу күч менен чыгарып салды — видео

Бишкекте коляскасы менен маршруттук таксиге түшкөн балалуу аялды айдоочу күчкө салып чыгарып салды. Айдоочу аялдын коляскасы көп орундукту ээлей турганын айткан. Бул тууралуу күбөлөр видеого тартып алышкан. 

Күбөлөрдүн айтуусунда, ал № 185 маршруттук унаанын айдоочусу болгон.

«Жүргүнчү аял орундукка отурбай турган. Колундагы коляскасы жыйналуу, эч кимге тоскоолдук жараткан эмес.Айдоочу коляскасы көп орундукту ала тураганын айтып, көп жүргүнчү сала албай турганын айтып, аялды унаасынан түртүп чыгарып салды», — дейт күбө.

Бишкек шаардык мэриясына «Reporter.kg» байланышып, айдоочуга кандай чара көрүлө турганын сурады.

«Айдоочу учурда түшүнүк кат жазып жатат. Ал өзүнүн чындыгын айтып берүүдө, бирок  жүргүнчүгө кылган орой мамилеси үчүн жумушунан алынат», — деп билдирди мэриядан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>