Кыргызстанда КРВИ жана сасык тумоо көбөйүүдө: жуманын ичинде 8 миң учур катталдыВиктор Козодой: «Кыргыз цивилизациясы — дүйнөнүн бешинчи дарыялык цивилизациясы»«Ала-Арча» резиденциясында ачылган мектеп менен бала бакчага кабыл алуу башталдыЭнергетика министри Кара-Кечедеги көмүр казууларды текшерди: дефицит жокКыргызстанда жаңы футбол клубу түзүлдү. Аны Өмүрбек Бабанов каржылайтБишкектин бир районунда 20-ноябрда суу убактылуу өчүрүлөт
Бишкекте көмүр кайсыл жерде жана канчадан сатылууда?
01.10.2022 | 10:44
Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургандарын кышка карата көмүр камдап алууга чакырат.
Учурда Бишкектин ар бир районунда көмүр сатуучу жайлар ачылган.
Биринчи май районунда “Кара-Кеченин” көмүрүн сатуучу үч пункт ачылды:
- “Ак-Босого” конушунун Архитектура көчөсүндө, Чүй проспектиси 14 дарегинде 1 тоннасы 4300 сомдон сатылууда;
- Мурас-Ордо конушунун Мурас-Ордо 13 жана 19 көчөлөрүнүн кесилишинде көмүрдүн тоннасы 4500 сомдон же бир мүшөк көмүр 170 сомдон сатылууда.
- 1-октябрдан тарта Дэн Сяопин проспектиси 531 дареги боюнча жаңы пункт иштей баштайт, баасы 1 кап көмүр үчүн 200 сомду түзөт.
Свердлов району:
- Достоевский көчөсү 1 дарегинде көмүр базасында “Шабыркүл” көмүрү 1 тоннасы 5000 сомдон сатылууда,
- Келечек конушунда айланма өтүүчү жолдун боюнда бир кап көмүр 250-300 сомдон сатылган пункттар иштеп жатат.
Ленин району:
- Мурманск көчөсүнүн 126 дарегинде 4000 сомдон сатылууда, анын ичине жүктөө кирет, бирок жеткирүү жок;
- “Кара-Тоо” ЖЧК Мурманск көчөсүнүн 45/2 үйү (мурдагы «Торг-Синтез» ЖЧКсы) – 5000 сомдон сатылат;
- “Береке” ЖЧК Мурманск көчөсүндөгү 122, 122а үйлөрүндө 4000 сомдон сатылат;
- “Беш Сары” ЖЧК Мурманск көчөсүнүн 1Б үйүндө 4200 сомдон сатылат;
- Коргоо министрлигинин көмүр базасы – (Дэн Сяопин проспектиси, 306а үйү) 4200 сомдон сатылууда;
- “Болотбеков” ЖЧК Дэн Сяопин проспектиси 308/4 үйүндө 4200-5500 сомго чейин сатылууда;
- Алыкулов көчөсүндө кабы 250-350 сомдон;
- Гагарин көчөсү 67 дарегинде 250-400 сомдон капка салынып сатылууда.
Октябрь районунун аймагында “Кара-Кече”, “Кара-Жыра”, “Беш-Сары” көмүрлөрүн сатуучу үч пункт бар:
- “Глобал Азия Пропертис” ЖЧК “Төкөлдөш” конушу 1 дарегинде тоннасы 5000 сомдон;
- Достоевский көчөсү 97 дарегинде 1 тоннасы 4000 сомдон;
- Октябрь көчөсү (Анкара) 2/2 дарегинде 1 тоннасы 4000 сомдон;
- Анкара көчөсү 1а дарегинде 1 тоннасы 4000 сомдон.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда