Бишкекте көп кабаттуу үйлөрдүн айланасындагы тосмолорду демонтаждоо иштери уланууда

Бишкекте көп кабаттуу үйлөрдүн айланасындагы тосмолорду демонтаждоо иштери уланууда

Бишкек шаарынын мэриясынын Жерди пайдаланууну контролдоо боюнча  башкармалыгы көп кабаттуу үйлөрдүн айланасындагы тосмолорду алууну улантууда.

Муниципалитеттен кабарлашкандай, аталган башкармалык «Тазалык» муниципалдык ишканасы менен биргеликте Биринчи май районунун Эркиндик бульвары, 71 дарегиндеги мыйзамсыз орнотулган темир тосмону алышкан.

Буга чейин турак жай ээлеринин шериктештигине өз ыктыяры менен демонтаждоо зарылдыгы тууралуу билдирүү жөнөтүлгөн.

Текшерүү учурунда тосмо муниципалдык жерди ээлеп турганы аныкталган. Мыйзамсыз ээленген жер тилкесинин жалпы аянты 450 чарчы метрди түзөт.

Ошондой эле 7- кичи райондун №1 үйүнүн  айланасына орнотулган, узундугу 130 метр болгон темир тосмолор демонтаждалган.

Бишкек шаардык мэриясынын Жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын адистери тарабынан жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринен кийин, Гоголь көчөсү, 116/2 дарегиндеги муниципалдык тилке бошотулду.

Бишкек шаарында акыркы убакта көп кабаттуу үйлөрдүн айланасындагы 25ке жакын тосмолор алынган.

Маалымдама:  Иштер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 8-апрелиндеги №191 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында турак үйлөрдү жана үй алдындагы жер участокторун пайдалануунун жана күтүүнүн типтүү эрежелерине ылайык белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>