Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды15-мартка карата аба ырайыТалас мамлекеттик университетинин жаңы имараты курулууда
Бишкекте коронавирус аныкталган сегиз мектеп карантинге жабылды
21.05.2021 | 11:30
Бишкек шаарында коронавирус аныкталган 8 мектеп карантинге жабылды. Бул тууралуу мэриянын билим берүү башкармалыгынын башчысы Гүлмира Акматова маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, жыйырма сегиз мектептен 49 класс онлайн окууга өткөн. Салттуу режимде окуп жаткан окуучулар арасында коронавирус жуктуруп алган 69 учур катталган. Ал эми илдетке каршы вакцинациядан 349 мугалим өткөн.
Белгилей кетсек, учурда Бишкекте 5-класска чейинки окуучулар жана 9, 11-класстын окуучулары салттуу режимде окуп жатышат.
Рубрики: Жаңылыктар