Бишкекте мамлекет курган ипотекалык үйлөр ээлерине тапшырылды

Бишкекте мамлекет курган ипотекалык үйлөр ээлерине тапшырылды

Мамлекеттик ипотекалык компания Бишкектин Скрябин көчөсүндө курган батирлер ээлерине тапшырылды. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Батирлерди президент Садыр Жапаров тапшырган.

«Биз турган Скрябин көчөсүндө бул көп кабаттуу турак жай комплекси 7 блоктон турат. Анын ар бири 15 кабаттан болуп, жалпысы 549 батир курулду.

Бул батирлер Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу кезекте турган социалдык багыттагы кызматкерлерге жана ошондой эле курулушка 50% үлүш кошуу шарты менен кирген мигранттарыбызга жана башка жарандарыбызга берилип жатат.

Буга чейин да түшүндүрмө бердим эле, азыр да айтып коеюн, 50% өлчөмүндөгү алдын ала төлөмдөр кезекте турган кийинки жарандарга турак жай курууну тездетүүгө бир топ эле салым болот. Ошондуктан кезекте турган бардык жарандарыбыз мурдагыдай 10 жылдап кезекте турбай жакын арада батирлуу болосуздар. Эч кам санабай чыдап турунуздар», — деди Жапаров.

Анын айтымында, учурда өлкө боюнча 40 миңден ашык жаран Мамлекеттик ипотекалык компаниядан батир алуу үчүн кезекте турат. Аларды 4-5 жылдын ичинде турак үй менен камсыз кылуу пландалууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>