ЕАЭБ өлкөлөрү авиациялык мыйзамдарды шайкеш келтирүүгө киришишетИран АКШга карата талаптарын катаалдантты: ИРСКнын таасиринен улам сүйлөшүүлөр туңгуюкка кептелдиКыргызстан эл аралык агрофорумга катышууда: тараптар технологияларды трансферлөө аркылуу АӨКтү заманбапташтырууну макулдаштыСокулукта ооруканага караштуу имарат жер тилкеси менен мамлекетке кайтарылдыКыргызстандын Абадан коргонуу күчтөрүнүн офицерлери Россияда окуудан өтүштү: аскердик-практикалык жыйындардын жыйынтыгыБишкекте кыргыз-россиялык мектептин курулушу башталды: биринчи имараттын пайдубалы түптөлдү
Бишкекте маршрутканын айдоочусу эсин жоготуп, мамыны сүздү (видео)
16.06.2023 | 15:11
Бишкекте №132 каттамдагы кичи автобустун айдоочусу эсин жоготуп, темир мамыны сүздү. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсык Манас проспектиси менен М.Горький көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. “Мерседес-Бенц Спринтер” унаасы жол чырактын кызыл белгисине токтоп турганда, 53 жаштагы Ш.Т. аттуу айдоочу эсин жоготуп, унаасы ордунан жылып, жол боюндагы темир карагайды сүзүп токтогон.
“Натыйжада жети жүргүнчү жабыркаган. Бул окуя боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө”, – деп билдиришти кайгуул кызматынан.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз