U23: Бишкектеги Азия чемпионатында 5 балбан алтын үчүн күрөшөт

U23: Бишкектеги Азия чемпионатында 5 балбан алтын үчүн күрөшөт

Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча 23 жашка чейинки (U23) балбандар арасындагы Азия чемпионатында кыргызстандык 5 спортчу финалга чыкты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдештин экинчи күнүндө грек-рим жана кыз-келиндер күрөшү боюнча балбандар беттеш өткөрүүдө. Грек-рим күрөшү боюнча балбандардан экөө жана балбан кыздардан үчөө алтын үчүн күрөшүүгө мүмкүндүк алган.

Грек-рим күрөшү:

55 кг: Улан Муратбек уулу (Кыргызстан) — Ербол Камалиев (Казакстан);

87 кг: Жеңиш Жумабеков (Кыргызстан) — Максат Сайлау (Казакстан).

Кыз-келиндер күрөшү:

55 кг: Арууке Кадырбек кызы (Кыргызстан) — Жийоти Жийоти (Индия);

59 кг: Гүлдана Баатырбекова (Кыргызстан) — Ан Тует Тран (Вьетнам);

76 кг: Кайыркүл Шаршебаева (Кыргызстан) — Пинг Цен Хунг (Тайбэй, Кытай).

Белгилей кетсек, финалдык беттештер саат 18:00до башталат.

Эскерте кетсек, 23 жашка чейинки балбандар арасындагы Азия чемпионаты 15-июнда башталган. Ал 18-июнда жыйынтыкталат. Мелдештин биринчи күнүндө грек-рим күрөшүнөн балбандар 2 алтын, 4 күмүш байге уткан.

U23: Эки балбан Азия чемпиону болду, дагы төртөө күмүш тагынды (сүрөт)

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>