Бишкекте «Мерседес-Бенц» унаасы 19 жаштагы баланы сүзүп, качып кеткен

Бишкекте «Мерседес-Бенц» унаасы 19 жаштагы баланы сүзүп, качып кеткен

Милициянын кайгуул кызматы жөө жүргүнчүнү сүзүп, жеринен качып кеткен айдоочуну кармады. Бул тууралуу Патрулдук милициядан билдиришти.

Ушул жылдын 20-ноябрында саат 10:30 чамасында Бишкек шаарынын Ауэзов жана Путипровод көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз айдоочу жөө жүргүнчүнү сүзүп, андан кийин окуя болгон жерден качып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 2001-жылы туулган М.С., ооруканага жеткирилген.

Милиция кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам-чараларынын натыйжасында жол кырсыгына шектүү катары «Мерседес-Бенц» унаасынын айдоочусу 1983-жылы туулган Ш.У., кармалган. Айдоочу Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын Тергөө кызматына жеткирилген. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>