Кыргызстанда жаш ата-энелерди окутуу боюнча мамлекеттик программа иштелип чыгатЭл аралык энергетика агенттиги Ормуз кысыгы аркылуу мунай жеткирүүдөгү рекорддук үзгүлтүктөн улам чукул жыйын чакыруудаЕАЭБ өлкөлөрүндө кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелери жөнөкөйлөтүлөтЧарчы метр валюта катары: Бишкек бийлиги куруучулар үчүн жаңы эрежелерди иштеп чыгатКазакстандан келген 56 тонна пияз Кыргызстанга киргизилген жокОштогу дарыканадан аткезчилик менен алып келинген дары-дармектер табылды
Бишкекте милиция кызматкери жол кырсыгына кабылды
19.08.2024 | 10:19
18-август күнү Чүй – Тоголок Молдо көчөсүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталды. Анын видеосу интернетке жарыяланды.
“01KG852APT” номурлуу “Мерседес 320” унаасын башкарып бара жаткан Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматынын кызматкери, жолду кесип өтүп жатып, Чүй менен келе жаткан “Кия-Соренто” автомобили менен кагылышкан.
Министрликтин Reporter.kg’ге билдирүүсүндө, учурда Бишкек шаардык милициясы тергөө иштерин жүргүзүп жатат. Милиционер Улуттук госпиталга жаткарылган. Ал эми “Кия-Сорентонун” айдоочусу жеңил жаракат алган.
Рубрики: Жаңылыктар