Бишкекте никеге туруу үчүн кызды ала качып кеткен эки адам кармалды

04.11.2022 | 15:57

Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери адам уурдоого шектүүлөрдү кармашты. Бул тууралуу Октябрь РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 21-октябрында саат 21:00дөр чамасында Б.А. аттуу жаран борбор калаанын 6-кичи районунда жүргөндө физикалык күч колдонуп, никеге туруу максатында эркине каршы ала качып кеткен белгисиз адамдарга чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.

Бул факты Октябрь РИИБге каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 172-беренесинин (Нике куруу максатында адамды ала качуу) негизинде кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Октябрь РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан 1995-жылы туулган Б.Э. жана А.М. аттуу жарандар кармалган.

Алар тергөө кызматына жеткирилип, Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, шектүүлөр ИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Октябрь райондук соту тарабынан шектүүлөргө карата баш коргоо чарасы камакка алынып, Бишкек шаарынын СИЗО-1 абагына эки айга камакка алынды.

Бул кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top