Бишкекте оор кырдаалда калган аялдарды колдоо үчүн «Эне үйү» борбору ачылды

Бишкекте оор кырдаалда калган аялдарды колдоо үчүн «Эне үйү» борбору ачылды

Бүгүн, 22-майда Бишкек шаарында Кыргызстандагы алгачкы энелер жана балдарга арналган “Эне үйү” ресурстук борборунун салтанаттуу ачылышы болду. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Бул борбор Mothers Home International Foundation (MHIF) аттуу эл аралык жеке фонддун колдоосу менен түзүлгөн.

Борбордун максаты жана миссиясы — социалдык жетимдиктин алдын алуу, жаңы төрөлгөн ымыркайлары бар энелерге ар тараптуу жардам көрсөтүү, аялдардын укуктарын калыбына келтирүү жана алардын өз алдынча жашоосуна көмөктөшүү.

Борбор аркылуу аялдар төмөнкүдөй жардамдарды алышат:

  • убактылуу коопсуз турак жай,
  • психологиялык жана юридикалык жардам,
  • документтерди калыбына келтирүүгө колдоо,
  • жумушка орношууга жана коомго адаптацияга жардам.

Ачылыш аземге  Жогорку Кеңештин депутаттары Винера Калыбекова, Айсулуу Мамашова, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Кыял Жанузакова, саламаттык сактоо министринин орун басары Каарманбек Байдавлетов, кризистик борборлордун жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.

“Эне үйүнүн” ачылышы – оор кырдаалга кабылган аялдар менен балдарды туруктуу, гумандык жана системалуу колдоо системасын түзүү жолунда маанилүү кадам болуп, өлкөнүн социалдык саясатынын өнүгүшүнө чоң салым кошот»,- деп билдирди министрлик.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>