Бишкекте ордо боюнча биринчи жолу клубдар аралык чемпионат өтүүдө

31.03.2026 | 15:47

Бүгүн, 31-мартта, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде ордо оюну боюнча Кыргызстандын клубдар аралык чемпионатынын I туру башталды.

Мелдешке өлкөнүн бардык аймактарынан келген жалпы 8 команда катышууда. Оюндар 2-апрелге чейин уланат.

Ордо оюну боюнча клубдар аралык чемпионат Кыргызстанда биринчи жолу өткөрүлүүдө. Мелдештин II туру Жалал-Абад облусунда, ал эми III туру Бишкек шаарында күз айларына чейин уюштурулат.

Иш-чаранын ачылыш аземине Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Улукбек Өмүрбеков, спортчулар жана күйөрмандар катышты.

Scroll to Top