24-март: Өлкөнүн түндүк аймактарында жаан жаайтЫсык-Көлдү тазалоо иштери жүрүүдө. Суучулдар көл түбүнөн миң метр эски торду чыгарыштыБишкек шаарында Черногориянын Ардактуу консулдугу ачылдыАраванда депутат уюштурган көмүскө кумар ойноочу жай аныкталдыИран АКШ жана Израиль менен болгон чыр-чатакта чабуул коюу тактикасына өткөнүн жарыяладыАФК 2031- жана 2035-жылкы Азия Кубокторун өткөрүүгө билдирмелерди кабыл алууну токтотту
Бишкекте өспүрүм кыздын сөөгү табылды
10.05.2023 | 10:41
Бишкекте курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн аймагынан 15 жаштагы кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан билдиришти.
Маалым болгондой, 8-майда саат 09:00до “102” кызматына А. Токомбаев көчөсүндө курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн аймагынын кыз кишинин сөөгү табылганы тууралуу маалымат түшкөн.
Окуя жерине ыкчам-тергөө тобу барган. Милиция маркум 2008-жылы туулган М.А. аттуу кыз экенин аныктаган. Кароо учурунда анын денесинен кандайдыр бир жаракаттар табылган эмес.
Учурда маркумдун өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн экспертиза дайындалып, териштирүү иштери жүрүүдө.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз