Баткенде 100 миң сом жардам алгандар кандай иштерди башташты?

Баткенде 100 миң сом жардам алгандар кандай иштерди башташты?

Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев «үй-бүлөгө көмөк» социалдык долбоорунун алкагында 100 миң сомдон алган үй-бүлөлөргө барып, алардын баштаган ишкердигин текшерди.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, өкүл Баткен шаарынын жана Баткен районунун бир катар тургундарынын 2022-жылы алган каражаттарын кантип пайдаланып жаткандыктарын жеринен көрдү.

Үй шартында кондитердик цех, азык түлүк дүкөнү, тез татым ачып, бут кийим саткан айымдар бул долбоор алардын турмуш шартын жакшыртуу максаттарын ишке ашырууга зор мүмкүнчүлүк болгонун, үй-бүлөлүк кирешесин жогорулатып жаткандыгын белгилешти.

«Үй-бүлөгө көмөк» социалдык жардам көрсөтүү долбоорунун максаты — аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү оор турмуштук кырдаалдан чыгарууга түрткү берүү жана эмгекке тартуу менен жашоо сапатын жакшыртуу.

Белгилей кетсек, 2022-жылы Баткен облусу боюнча 222 үй бүлө 100 миң сомдук социалдык жардам берилген. Ал эми 2023-жылы бул жардам 1097 үй-бүлөгө каралган болсо, учурда 1021 үй-бүлөгө каражат бөлүнүп берилди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>