Ушул жылдын январында Кыргызстанга 220 млндон ашык доллар которулган2025-жылы Кыргызстандын корголуучу аймактарында 139 мыйзам бузуу аныкталдыСадыр Жапаров Казакстандын президентин улуттук референдумдун өткөрүлүшү менен куттуктадыИюль айында Бишкек – Бээжин багыты боюнча жаңы авиакаттам ачылатӨзбекстандан келген 82 миңден ашык көчөт артка кайтарылды17-мартка карата аба ырайы
Бишкекте өзүн-өзү өрттөгөн жаран каза болду
01.03.2023 | 14:44
Бишкекте, 28-февраль күнү, өзүнө өрт койгон жаран каза болду. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, ал кечээ түнү ооруканада каза тапкан. Анын алган жаракаттары оор болгондуктан көз жумган.
Эскерте кетсек, 28-февраль күнү болжол менен саат 15:50дө Киев менен Шопоков көчөлөрүнүн кесилишинде, Кыргыз-Орус Славян университетинин алдында жаран өзүнө өрт койгон. Окуя жерине тез жардам чакырылып, ал ооруканага жеткирилген.
Кийин ал 1979-жылы туулган үй-жайы жок А.Р. экени белгилүү болгон.
Ал денесинин 80%ынан күйүк алып, абалы оор экени айтылган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз