Олимпиада жеңүүчүлөрүнө 10 млн сом берилет. Мыйзам кабыл алынды

Олимпиада жеңүүчүлөрүнө 10 млн сом берилет. Мыйзам кабыл алынды

Бүгүн, 1-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында «Дене тарбия жана спорт жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамдын бириктирилген долбоору үчүнчү окууда кабыл алынды.

Мыйзам долбоору бир нече депутат тарабынан даярдалган.

Мыйзамда Олимпиада, Паралимпиада жана Азия оюндарында алтын медаль алгандарга 10 млн сом, күмүш медаль алгандарга 7 млн сом, коло медаль алгандарга 5 млн сом берүү каралган.

Андан тышкары, спортчунун акчалай сый акысынын суммасынан башкы машыктыруучуга – 30%, улук жана жеке машыктыруучуларга – 25%, биринчи машыктыруучуга жана медициналык кызматкерлерге – 10% өлчөмүндөгү бир жолку сый акылар белгиленген.

Эскерте кетсек, 2021-жылы Токиодогу Олимпиадада кыргызстандык спортчулар эки күмүш жана бир коло байге уткан. Анда күмүш тагынган Айсулуу Тыныбекова менен Акжол Махмудовго 10 млн сомдон, коло медаль алган Мээрия Жуманазаровага 7 млн сом берилген.

Олимпиада жеңүүчүлөрүнө 10 млн сом сый акы берүү. Долбоор колдоо тапты

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>