Өзүнө өрт койгон кишинин абалы оор

Өзүнө өрт койгон кишинин абалы оор

Бишкекте өзүн-өзү өрттөөгө аракет кылган кишинин абалы оор экенин Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда,  ал денесинин 80%ынан күйүк алган.

Белгилей кетсек, кырсык бүгүн, 28-февраль күнү Киев менен Шопоков көчөлөрүнүн кесилишинде Кыргыз-Орус Славян университетинин алдында болгон.

Reporter.kg’ге Свердлов райондук милициясынан билдиришкендей, аларга өзүнө өрт койгон жаран тууралуу маалымат 15:50дө келип түшкөн. Жерине тергөө-ыкчам тобу барып, алдын ала аныкталгандай, белгисиз жаран өзүн-өзү өрттөгөн. Учурда анын себеби такталууда.

Окуя жерине тез жардам чакырылып, жабыркаган жаран ооруканага жеткирилген.

Аталган факт каттоого алынып, милиция териштирүү иштерин жүргүзүүдө.

Кийин ал 1979-жылы туулган үй-жайы жок А.Р. экени аныкталган жана Тез жардам ооруканасынын күйүк бөлүмүнө жаткырылган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>