Сокулукта 9 жаштагы Нурислам дайынсыз жоголууда27-мартка карата аба ырайыИшкананын каражатын жеке эсебине которуп турган. «Кыргыз почтасынын» мурдагы башкы эсепчиси кармалдыЭкспорттук рекорд: Өзбекстандын тышкы соодасынын көлөмү 35 жылда 18 эсеге өстүОшто туристтик сезон расмий түрдө ачылдыКазакстандын Энергетика министрлиги мунайды кайра иштетүү кубаттуулугун эки эсеге арттырууну жана Борбордук Азиядагы позициясын чыңдоону пландаштырууда
Бишкекте өзүнүн ити кол салган жарандын эки колу кесилди
22.09.2021 | 11:26
Бишкекте ити тиштеп алган кожоюндун колу кесилди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдиргенин “super.kg” жазды.
Белгилүү болгондой, бейтап 15-сентябрда “Тез жардам” кызматы аркылуу ооруканага кайрылган.
“Бейтап эки билеги, санынын бир канча жери тиштелген, тарамыштары, булчуңдары, кан тамырлары, нервдери жабыркаган абалда ооруканага келип түшкөн. Микрохирургдар дароо консилиум өткөрүшүп, бейтаптын ийининин үчтөн бир бөлүгүн, тагыраагы, эки колун тең кесүүнү чечишти. Учурда бейтаптын жалпы абалы орто оор, тиешелүү дарылануудан өтүп жатат”, – дешти мекемеден.
Министрликтен кошумчалашкандай, бейтапка өзүнүн ити кол салган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом