Кыргызстандын Калкты тейлөө борборлору (КТБ) 11 күндүк эс алууга чыгатКыргызстан аба паркын кеңейтет: 2026-жылы жаңы Airbus жана жүргүнчү учак алуу пландалуудаЕАЭБ жалпы каттамдарды түзүү үчүн туризмди өнүктүрүү концепциясын бекитти27-декабрга карата аба ырайыТүштүк Кореяда 4 миңден ашуун кыргызстандык жумушка орношууга кызыкдарСанкт-Петербург шаары Кыргызстан менен шаар башкарууну санариптештирүү тажрыйбасы менен бөлүшөт
Бишкекте президенттин катышуусу менен Элдик курултай өтөт
24.11.2022 | 17:06
Президент Садыр Жапаровдун катышуусу менен эртең, 25-ноябрда Бишкекте биринчи Элдик курултай ишин баштайт. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чара 25-26-ноябрь күндөрү өтөт. Ага өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 1000ден ашуун делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, Министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышат.
Курултайдын жыйынтыгы боюнча биринчи Элдик курултайдын резолюциясы кабыл алынат.
Биринчи Элдик курултай УТРК, республикалык, облустук телеканалдарда жана социалдык тармактардагы баракчаларда түз алып көрсөтүлөт.
Көрсөтүү 25 жана 26-ноябрда саат 10:00дө башталат.
Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом