Бишкекте ректорлордун дүйнөлүк форуму өттү — сүрөт

Бишкекте ректорлордун дүйнөлүк форуму өттү — сүрөт

Бишкек шаарында 14-15-сентябрда “Ала-Арча” мамлекеттик резинденциясында “Улуттук инновациялык экосистеманы курууда университеттердин ролу” аттуу ректорлордун дүйнөлүк форуму өттү.

Эл аралык деңгээлдеги иш-чарага дүйнөнүн 70тен ашуун жогорку окуу жайларынын ректорлору жана өкүлдөрү катышты. Форумда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президенттин атынан форумдун ачылышы менен куттуктап, ийгилик каалады.

“Азыркы инновациялык технологиялар күн санап өнүгүү, өзгөрүү процессинде. 30 жыл мурун компьютердик система биздин чөнтөгүбүздө болооруна ишенбейт элек. Өлкөбүздүн билим берүү багытында жүргүзүлүп жаткан реформалар өз жыйынтыгын бере баштады, учурда Кыргызстандагы мектеп мугалимдери жогорку айлык алган катмарга айланды, бул билим берүүнүн бардык тепкичтерине жакшы жыйынтыктарды берет деп ишенем” – деди Акылбек Жапаров.

Дүйнөлүк форум изилдөөлөрдүн жана инновациялардын эффективдүүлүгүн жогорулатуу үчүн ЖОЖдордун тажрыйба алмашуусуна негиз түзүп, анда жаштардын илимий-техникалык потенциалын ишке ашыруу, университеттердин интеллектуалдык менчик объектилерин коммерциялаштыруу, изилдөө жана билим берүү кызматтарын көбөйтүү үчүн илимий мектептерди уюштуруу жолдору талкууланды.

Бүткүл Дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун Башкы төрагасы Дарен Танг Кыргызстанда болуп жаткан ректорлордун дүйнөлүк форумуна онлайн катышты. Ал бүгүнкү форум инновациялык экосистеманы түзүүдө жана дүйнө аймагына калыптандырып жайылтууга чоң салым кошооруна ишенээрин билдирди.

 “Университеттер, интеллектуалдык чөйрө жаратмандык күчкө ээ. Бул күч Сovid-19 учурунда абдан сезилди. Пандемия башталгандан 21 ай ичинде окумуштуулар беш миңден ашык Сovid-19га байланыштуу илимий ачылыштарга патенттик сунуштарды беришти” – деди Дарен Танг.

Ректорлордун форуму секцияларда дагы уланды. Coursera for Campus (АКШ) башчысы Скот Шиермандын пикиринде, университеттер, билим берүү мекемелери келечекте кандай жөндөм, кесиптерге суроо-талап күч болоорунан кабардар болуусу абзел.

“Жакынкы 10 жыл аралыгында инженерия, тармактык  аналитиктер,  маалымат коопсуздугу боюнча адистерге, санариптик жана инновациялык технология адистерине муктаждыктар жогорулайт. Дүйнө жүзү боюнча онлайн билим берүүнүн артыкчылыгы барган сайын күч алууда. Окутуу системасында студенттердин жөндөмдөрүн  арттыруу максатында ар кыл багыттагы кошумча курстарды, онлайн-тренингдерди өткөрүү максатка ылайык”, —  дейт Шиерман.

Дүйнөлүк банктын өкүлү Хусейин Абдул Хамиддин айтымында, университеттер илимий жана изилдөөчүлүк багыттагы ачылыштарын практикалоо, массалык колдонууга жайылтуу, коомдун кызыкчылыгына туура келтирүү жолдорун инновациялык технологиялардын, ыкмалардын жардамы менен ишке ашырууну тезинен башташы керек.

Бул багытта Назарбаев университетинин проректору (Казахстан) Иленсами Адресида, Университеттерди автономиялык башкарууга өткөрүү мезгилдин талабы экенине кошулат. Ал илимий-теориялык багыттар менен катар экономикалык, материалдык-техникалык базалар чыңдалганда ийгиликтер жаралат деген пикирде.

Ректорлордун форумуна катышып жаткан Захир Джавед Парача – Виктория университетинин (Австралия) ректору:

“Университеттердин ишкердүүлүккө өтүшү  толугу менен билим берүүнүн коммерцияланышы дегенди түшүндүрбөйт, бул теориялык билим берүү менен практиканын оптималдуу айкалышы, студенттердин негизги кесибинен тышкары кошумча, инновациялык жөндөмдөрүн арттыруу менен мамлекеттин экономикасына салым кошуу дегендик” деди.

Анын пикиринде, ар бир университеттердин базасында стартап долбоорлор, өндүрүш менен реалдуу кызматташуу келишимдери болушу керек.

Ал эми профессор Никета Ирери, Африка эл аралык университетинин (Кения) өкүлү: “Африка десе эле жакыр мамлекеттерди элестетсеңиздер керек, бирок, мен келген Кенияда жогорку билим берүү жакшы жолго коюлган. Африка эл аралык университети тиешелүү ииновациялык техникалар менен камсыздалган. Биздин мамлекетте акыркы жылдары билим берүүнүн онлайн формасы  өнүгүүдө” деп билдирди.

Форумдун алкагында Кыргызстандын ЖОЖдорунун ассоциациясы “Эл аралык билим берүү жана Bishkek EXPO карьера” көргөзмөсүн өткөрдү.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>