Бишкекте мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн бала бакчанын курулушу башталдыБорбор калаанын базарларында жана дүкөндөрүндө жумуртканын баасы орточо эсеп менен бир даанасына үч сомго чейин арзандадыКыргызстанда 430 миңге жакын адам вирустук гепатит менен жашайтДүйнө глобалдык экономикалык кризистин босогосунда турат жана Кыргызстандын ШКУдагы ролу азыр өтө маанилүү — экспертИИМ Тай-Мурас Ташиевге карата кылмыш ишин козгодуОштогу бүтпөй калган курулуш объектилерин Курулуш министрлиги аягына чыгарат
Бишкекте салют атуу учурунда 3 бала күйүк алып, ооруканага түштү
02.01.2024 | 21:45
Бишкек шаарында жаңы жыл түнү пиротехникалык каражаттарды колдонуу учурунда 3 бала жеңил күйүк алып, ооруканага түштү. Бул тууралуу Балдар ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Маманов билдирди.
Анын айтымында, балдарга медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин, алар амбулатордук дарыланууга чыгарылды.
Ал белгилегендей, саламаттыкты сактоо уюмдарынын кызматкерлери 31-декабрдан 2-январга чейин нөөмөттө турушту. Анткени муктаж болгон жарандарды медициналык жардамсыз калтыруу мүмкүн эмес. Ал эми 2024-жылдын 2-январынан тарта бардык ооруканалар жана клиникалар өз графиктерине ылайык штаттык режимде иштеп жатышат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар