ЖК төрагасы Москвага барып, мигранттардын балдарына берилүүчү тестти тапшырып көрдүУлуттук банктын мурдагы төрагасы Мелис Тургунбаев «Кыргызнефтегаз» иши боюнча камалдыБишкекте Кыргыз улуттук искусство университетине 5 кабаттуу жаңы корпус курулатБишкекте «Оргтехстрой» курулуш компаниясынын издөөдө жүргөн жетекчиси кармалдыИсламдык банкинг реформасы: Улуттук банк ачык-айкындуулукту талап кылууда, ал эми сектор салык бюрократиясынан жана «ашыкча убаракерчиликтен» жабыркап келет26-март: Өлкө боюнча күн ачык болот
Бишкекте тургундун үйүнөн iPhone’ун уурдап кеткен шектүү кармалды
17.10.2023 | 16:16
Бишкекте 23 жаштагы жигит iPhone 12 Pro телефонун уурдоого шектелип кармалды. Бул тууралуу Бишкектин Ленин райондук милициясынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, 16-октябрга милицияга шаар тургуну кайрылып, 13-октябрда болжол менен таңкы саат 05:30да белгисиз жаран үйүнө кирип, 70 миң сомдук iPhone 12 Pro телефонун уурдап кеткенин билдирген.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 23 жаштагы А.О. аттуу жаран кармалган. Шектүү тергөө кызматына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Учурда иликтөө иштери уланууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз