Кыргызстан ТМУдагы өнөктөштөрүнө бирдиктүү фармацевтикалык платформа түзүүнү сунуштадыПрезиденттин Иш башкармалыгы «Кыргыз почтасынын» негизги акционери болдуФАО Азиядагы күрүч түшүмүнө Эль-Ниньонун таасири тууралуу эскерттиКыргызстанда 133 миң педагог эмгектенет — Мугалимдер күнүнө карата маалыматКыргызстан 14 медаль менен Азиада-2026ны 26-орунда жыйынтыктадыФАО: дүйнөдө дан эгиндерин өндүрүү 2026-жылы 2,1%га азаят
Бишкекте тургундун үйүнөн iPhone’ун уурдап кеткен шектүү кармалды
17.10.2023 | 16:16
Бишкекте 23 жаштагы жигит iPhone 12 Pro телефонун уурдоого шектелип кармалды. Бул тууралуу Бишкектин Ленин райондук милициясынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, 16-октябрга милицияга шаар тургуну кайрылып, 13-октябрда болжол менен таңкы саат 05:30да белгисиз жаран үйүнө кирип, 70 миң сомдук iPhone 12 Pro телефонун уурдап кеткенин билдирген.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 23 жаштагы А.О. аттуу жаран кармалган. Шектүү тергөө кызматына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Учурда иликтөө иштери уланууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз