Даниэл Ажиев мамлекетке 44 млн сом демөөрчүлүк кылдыбы? УКМКнын жообу

Даниэл Ажиев мамлекетке 44 млн сом демөөрчүлүк кылдыбы? УКМКнын жообу

«Даниэл Ажиев мамлекеттик бюджетке демөөрчүлүк жардам катары 44 млн сом төктү» деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Эскерте кетсек, УКМК Даниэл Ажиевдин кармалганы тууралуу 5-июнда кабарлаган. Коопсуздук комитетинин маалыматы боюнча, Даниэл Ажиев «вебкам» студиялардын ири тармагынын ишин координациялаган трансулуттук кылмыштуу топту жетектеп келген.

УКМК билдиргендей, Ажиевдин тобунда 300дөн ашык «вебкам модель» оператор иштеген. Алар жакынкы өлкөлөрдүн жарандары болушкан. Алдын ала эсеп боюнча, Ажиев кылмыштуу ишкердиктин аркасы менен ай сайын 300 миң доллардан ашык акча таап турган.

Кылмыш иштин алкагында аталган топко кирген 8 адамга кылмыш иши козголуп, алардын ичинен 6 киши кармалган (Ажиев менен бирге) жана экөө издөөгө алынган.

Ошондой эле УКМК айрым ММКларга чыккан «Даниэл Ажиев демөөрчүлүк жардам катары мамлекеттин бюджетине 44 млн сом төккөнү» тууралуу маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирди.

Атайын кызматтан билдиришкендей, Ажиевдин мыйзамсыз тапкан активдерин издөө иштери учурунда ал бөгөт чарасын өзгөртүү үчүн тергөөчүлөргө 500 миң доллар сунуштаган.

«Жыйынтыгында Даниэл Ажиевдин жубайынан 500 миң доллар алынып, тергөөнүн алкагында аталган акча каражаты мыйзамда белгиленген тартипте камакка алынды. Андан тышкары, тергөө тарабынан Даниэл Ажиевдин кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкүнө (анын ичинде кымбат унаалар жана батирлер) камакка алынган», — деп айтылат маалыматта.

УКМКдан белгилешкендей, учурда Ажиевге козголгон кылмыш иши боюнча тергөө дээрлик аяктап калган. Айыптоо актысы бекитилгенден кийин, сотко жөнөтүлүп, кылмыш иши жана камакка алынган мүлк боюнча маселе каралат.

Даниэл Ажиев 29-ноябрга чейин камакта калтырылды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>