Сапатсыз үй курган компания башчыларын эркинен ажыратуу сунушталууда

Сапатсыз үй курган компания башчыларын эркинен ажыратуу сунушталууда

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Кыргызстандын турак жайлардын жана имараттардын сейсмологиялык коопсуздугун камсыз кылуу максатында Кылмыш-жаза жана Укук бузуулар кодексине өзгөртүү сунуштайт. Мыйзам долбоорду бүгүн Жогорку Кеңештин укук тартип, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети биринчи окууда карап, четке какты.

Депутат Түркия, Сирия, Ооганстандагы зилзадагы кыйроолордон кийин курулуштун жер титирөөлөргө туруктуулугу тууралуу маселе дүйнө жүзү боюнча актуалдуу экендигин белгилейт.

Ал имараттын сеймологиялык туруктуулугу үчүн жарандардын жана курулуш компаниялардын жоопкерчилигин күчөтүү сунуштайт. Ага ылайык айыппулдун суммасы көбөйтүлүп,  эркинен ажыратуу жазасы киргизилет.

Курулуштун бекемдүүлүгүн камсыз кылбаганы үчүн айыппул салынат:

— Жеке жактарга 20 миң (азыркы мыйзам боюнча 12,5 миң сом);

— Юридикалык жактарга 600 миң сом (азыркы мыйзам боюнча 35 миң сом).

Автордук жана техникалык көзөмөл жүргүзүүдөмыйзам талаптарын бузгандыгы үчүн айыппул каралган:

— жеке адамдарга 10 мин сом (учурда 5,5 миң сом);

— юридикалык жактарга 35 миң сом (учурда 17 миң сом).

Зилзала учурунда имарат урап, жарандар жабыркаса курулуш компанияларынын жетекчилери жана жооптуу жумушчулары 8-12 жылга чейин эркиндигинен ажыратылат.

Курулуш иштерине (турак жай, имарат, көпүрө, жол,  электр станциялары) сапатсыз материалдарды колдонуп, бекитилген долбоорго дал келбесе 3-5 жылга чейин кесилет.

Мындай курулуштун адамдарга залакасы тийсе, анда 5-7 жылга камалып кетиши ыктымал.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>