Бишкекте сөз эркиндигине арналган жөө жүрүш өтүп жатат – видео

14.10.2022 | 13:59

Бүгүн, 14-октябрда Бишкек шаарында сөз эркиндигин коргоого арналган жөө жүрүш башталды.

Жөө жүрүштүн катышуучулары “Кыргызстан – эркин өлкө”, “Азаттыкка” азаттык” деген ураандарды айтышууда.

Акцияга 100-200дөй адам катышууда. Алар Темир жол вокзалынын алдына чогулуп, Эркиндик бульвары менен Ала-Тоо аянтына чейин бара жатышат.

[image_carousel source=”media: 159944,159945,159946,159947,159948,159949″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]

Кыргызстандагы көз карандысыз жалпыга маалымдоо каражаттары – Kaktus.media, Azattyk, Kloop медиаларын жабуу демилгеленип, 13-октябрда “Азаттыктын” кеңсесинин алдында митинг өткөн.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top