Бишкек мэри «Мадина» базарындагы өрттөн кийин соодагерлер менен жолукту«Мадина» базарындагы өрткө дрондордун жардамы менен мониторинг жүргүзүлүүдө«Көлөкө менен кармаш»: Валентина Шевченко UFC титулун коргоо алдында Кыргызстанда машыгуудаБишкекке аймактардан 400дөн ашуун жол тескөөчү тартылдыМилиция «Мадина» базарындагы өрттүн алдын ала себебин атадыКыргызстандыктарга мүлк салыгын төлөөгө эки күн калды
Сузакта дайынсыз болуп жаткан өспүрүм коңшу айылдан табылды
14.10.2022 | 13:49
Сузак районунда дайынсыз болуп жаткан 11 жаштагы Али табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Ленин айыл аймагынын Винсовхоз айылынын тургуну, 2011-жылы туулган Малаасман-оглы Али 9-октябрь күнү саат 17:00 чамасында ошол эле айылдын тааласында мал кайтарып жүрүп, качып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгы маалымдалган.
Кайдыгер эмес жарандар тарабынан баланын болжолдуу даректери милицияга берилген. Али Сузак районунун Октябрь айылында жүргөн жеринен табылып, жакындарына өткөрүлүп берилди.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар