Кыргызстан 2023-жылы КМШга төрагалык кылат. Жапаровдун сөзү

Кыргызстан 2023-жылы КМШга төрагалык кылат. Жапаровдун сөзү

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-октябрда, Астана шаарында (Казакстан Республикасы) Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ МБК) мүчө Мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин тар курамдагы кезектеги жыйынында алдыда Кыргызстандын КМШдагы төрагалыгынын артыкчылыктуу милдеттерин билдирди.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, мамлекет башчылары кызматташтыкты тереңдетүү маселелерин, регионалдык жана эл аралык күн тартибинин актуалдуу аспектилерин талкуулашты. Өз сөзүндө Садыр Жапаров үстүбүздөгү жылы  Казакстан Республикасы КМШга ийгиликтүү жана жемиштүү төрагалык кылганын баса белгиледи.

Президент КМШ 30 жылдан ашык мурда олуттуу геосаясий өзгөрүүлөр мезгилинде түзүлгөнүн эске салып, 1991-жылдын 8-декабрындагы КМШны түзүү жөнүндө келишимге, 1991-жылдын 21-декабрындагы Алма-Ата декларациясына жана КМШнын 1993-жылдын 22-январындагы Уставы 15, 1994-жыл 15-апрелдеги  «Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин эгемендигин, территориалдык бүтүндүгүн жана чек араларынын кол тийбестигин сактоо жөнүндө» КМШнын Москва декларациясына токтолду. Аларда белгиленген максаттар жана принциптер учурда мурда болуп көрбөгөндөй актуалдуу болуп саналат.

Садыр Жапаров белгилегендей, Шериктештиктин негизги жана кебелбес принциби катышуучу мамлекеттердин ортосундагы достук, ынак коңшулук жана өз ара пайдалуу кызматташтык мамилелерин мындан ары өнүктүрүү жана чыңдоо элдердин түпкү улуттук кызыкчылыктарына жооп берет жана тынчтыктын жана коопсуздуктун иши.

Мамлекет башчысы бири-биринин территориалдык бүтүндүгүн урматтоо жана азыркы чек аралардын кол тийбестиги сыяктуу маанилүү принципти баса белгиледи. Бул бүгүнкү мамилелердин негизги пайдубалы болгон эң маанилүү келишимдердин бири.

Президент кыргыз тарап талаштуу маселелерди тынчтык жолу жана саясий-дипломатиялык ыкмалар менен гана чечүү зарылчылыгы боюнча өзгөрүүсүз позицияны карманарын дагы бир жолу ырастады.

Мындан тышкары, Мамлекет башчы 2023-жылдын 1-январынан тарта КМШга төрагалык кылуу Кыргызстанга өтөөрүн кошумчалады. Кыргыз тарап төрагалык кылуу учурунда КМШ мейкиндигинде интеграциялык түзүмдөрдүн түрдүү деңгээлдеринин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү жана тереңдетүү менен бири-биринин кызыкчылыктарын урматтоого негизделген КМШга мүчө-мамлекеттердин ортосундагы ынак коңшулук жана ишенимдүү мамилелерди чыңдоого өзгөчө көңүл бурат.

Ошону менен бирге, Президент климаттын өзгөрүшү, жаратылышты коргоо жана экология маселелери коопсуздук жана туруктуу өнүгүү маселелери менен түздөн-түз байланышта болгон артыкчылыктуу милдеттер экенин кошумчалады. Бул өңүттө курчап турган чөйрөнү коргоо жана экологиялык таза технологияларды жайылтуу, жашыл экономиканын үлүшүн көбөйтүү жаатында биргелешкен долбоорлорду жана программаларды ишке ашыруу максатында эл аралык институттар менен активдүү диалогду түзүү зарыл.

Садыр Жапаров КМШ өлкөлөрүнүн ортосундагы транспорт, коммуникациялар, миграция саясаты, маданий-гуманитардык кызматташтык, эл аралык демилгелерди жана мамлекеттер аралык программаларды ишке ашыруу сыяктуу тармактарда өнөктөштүк мамилелерди колдоого жана өнүктүрүүгө күч-аракеттерди жумшоо да маанилүү экенин белгиледи. Кыргызстан Шериктештикке кирген мамлекеттердин мыйзамдарын ар кандай чөйрөлөрдө мындан ары жакындаштыруу максатында КМШга мүчө-мамлекеттердин парламенттер аралык кызматташтыгын чыңдоого умтулат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>