Бишкекте төрт унаа кагышкан ири жол кырсыгы болду — видео

Бишкекте төрт унаа кагышкан ири жол кырсыгы болду — видео

Бишкек шаарынын Токомбаев менен Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилишинде төрт унаа кагышкан ири жол кырсыгы болду. 

Кырсыкты күбөлөр  видеого тартып алып социалдык тармакка жүктөштү.

Андагы тасмадан, кагышкан унаалардын арасында кичи автобус да бар экенин көрүүгө болот. Окуя болгон жерге тез жардам кызматы жана милиция барган. 

Алдын ала маалыматтарга караганда, кырсыктан 4 адам жабыркап, алардын бири ооруканага жетпей каза болгон.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматы окуянын чоо-жайы такталып жатканын айтты.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>