Бишкек шаарында муниципалдык инспекция таштандыларды туш келди таштаган жарандарга жана уюмдарга айып пул салды. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Маалыматта айтылгандай, борбор калаада жыл башынан бери 100дөн ашык адам таштандыны туура эмес жерге таштаганы аныкталган.
Жыйынтыгында аталган жарандар жалпы 572 миң сом айыпка жыгылган. Мындан сырткары юридикалык жактарга 90 протокол түзүлүп, жалпы 1 млн 500 миң сомдон ашык айып пул салынган. Ошондой эле курулуштан жана тигүү цехтеринен чыккан таштандыларды туура эмес жерге ыргыткандарга жалпы 2 млн 300 миң сомдон ашык айып пул салынган.
Бул укук бузуулар рейд учурларында жана видеобайкоо камералары аркылуу аныкталган.
Мэрия шаар тургундарын таштандыны графикти сактоо менен чыгарып, таштанды челектерге гана таштоону эскертти.