Курулуш министрлигинде 1,5 млрд сомдук каржылык бузуулар аныкталдыСокулукта жоголуп жаткан 9 жаштагы Нурислам табылдыКыргызстандын парламентинин төрагасы Москвада эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо маселелерин көтөрдүКыргызстан жерлерди калыбына келтирүү боюнча эл аралык программага кошулдуКытайлык компания Кыргызстанда дрон чыгаруучу завод курууну пландоодоБишкекте ысык суунун тарифи өзгөрдү
Бишкекте таяк тартыш боюнча дүйнө чемпионаты өтөт
21.11.2024 | 18:00
Бишкекте таяк тартыш боюнча дүйнө чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Мелдеш 30-ноябрдан 1-декабрга чейин “Газпром” спорт комплексинде жаштар, чоңдор жана ардагерлер арасында өтөт. Ага 24 мамлекеттен 300дөн ашык спортчу катышат деп күтүлүүдө. Кыргызстандан 14 спортчу катышат.
Таймаштар өтө турган салмактар:
Жаштар арасында:
Балдар: 50, 60, 70, 80, +80 кг;
Кыздар: 50, 60, 70, +70кг.
Чоңдор арасында:
Эркектер арасында: 60, 65, 70, 75, 80, 90, 105, 125, +125 кг;
Кыз-келиндер: 55, 65, 75, 85, +85 кг;
Ардагерлер арасында:
Эркектер: 65, 75, 85, +85 кг;
Аялдар: 65, +65 кг.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом