Ош шаарында көп кабаттуу үйдөн ири өрт чыктыБишкекте айдоочулук күбөлүгү жок өспүрүм катышкан жол кырсыгы болуп, бир бала каза таптыСаясат жана кылмыш темаларын чагылдырган журналист Вадим Ночевкин каза таптыТаш жүктөп бараткан. Бишкекте жүк ташуучу унаа оодарылып кеттиБишкектеги соода борборлорун жардырам деп билдирүү тараткан жаран кармалдыИнтернет шылуундугу: Жаранды 14 млн сомго алдап кеткен шектүү кармалды
Бишкекте iPhone 12 Pro уурдалган учур видеого түшүп калган
18.11.2022 | 16:17
Бишкекте телефон уурдоого шектелип 39 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, 23-октябрда Ленин райондук милийиясына Б.А. аттуу жаран кайрылып, болжол менен саат 13:30да Чүй проспектисиндеги соода борборунун биринен белгисиз жаран баасы 128 миң сом болгон iPhone 12 Pro телефонун уурдап кеткенин билдирген.
Аталган окуя боюнча Кылмыш кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.
Милиция тарабынан телефонду уурдоого шектелип 39 жаштагы А.К. аттуу жаран кармалып, милицияга алынып келген. Тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлгөндөн кийин милицияга келүү милдети менен кое берилген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз