Үч адамды сүзүп кеткен айдоочу жоопко тартыла элек, — Түптүн тургуну

Үч адамды сүзүп кеткен айдоочу жоопко тартыла элек, — Түптүн тургуну

Ысык-Көл облусунда үч адамдын өмүрүн алган жол кырсык боюнча иш аягына чыкпай келет. Бул тууралуу бүгүн, 18-ноябрда бийлик өкүлдөрүнүн Түп районунун эли менен жолугушуусунда Шаты айылынын тургуну Нурлан Асанакунов билдирди.

Жолугушууга башкы прокурор Курманкул Зулушев, министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев жана ички иштер министринин орун басары Адылбек Бийбосунов катышууда.

Нурлан Асанакуновдун айтымында, жол кырсык 2020-жылы катталып, анын кесепетинен үч адам каза болгон.

“Менин жээним жетим калды. Кырсыктан үч адам каза болгон. Сүзүп кеткен адам азыркыга чейин жазаланбай келет. Күнөөлүү адамды Түп РИИБдин кызматкерлери камабай, биз өзүбүз айдоочуну кармап, милицияга жеткирип бергенбиз. Ошондо дагы чара көрүлбөй жатат”, — деди тургун.

Жыйынга катышып жаткан башкы прокурор Курманкул Зулушев аймактык милиция бөлүмүнүн башчысынан жооп берүүнү өтүндү.

Түп РИИБдин башчысы бул жол кырсык боюнча кылмыш иши козголгонун, шектүү жаран камакта экенин жана сот иштери уланып жатканын айтты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>