Кримтөбөл Камчы Көлбаев 10 санаалашы менен кармалды

Кримтөбөл Камчы Көлбаев 10 санаалашы менен кармалды

Кримтөбөл Камчы Көлбаев кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздк мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 16-ноябрда кыргыз-кытай чек арасына жакын жердеги «Булат-М» мергенчилик талаасынан кайтып келе жатканда «Карасай» чек ара пунктунан Камчы Көлбаев (Асанбек) жана анын жакын санаалаш 10 адамы кармалган. Алар түшүндүрүү иштеринен кийин кое берилген.

«Текшерүүнүн жүрүшүндө кармалгандар Кыргызстандын мамлекеттик органдарынан тиешелүү уруксаттары жок чек ара аймагында жүргөндүгү аныкталды. Бул боюнча мыйзамга ылайык, кармалгандарга административдик камакка алуу боюнча тиешелүү протоколдор түзүлүп, текшерүүнүн жыйынтыгында 8 даана ок атуучу курал (4 «Сайга» карабини жана 4 даана «ПМ» жана «Глок» үлгүсүндөгү тапанча) табылып алынган. Азыркы учурда тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Ошентип, К. Асанбектин жана анын жакын санаалаштарынын иш-аракеттеринде Кыргыстандын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 429-беренесин (Мамлекеттик чек ара режимин, чек арага жакын аймактардагы чек ара режимин жана Кыргыстандын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарындагы режимди бузуу) боюнча кылмыш белгилери көрүнгөн», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>