Бишкекте тергөөчү пара менен кармалды

Бишкекте тергөөчү пара менен кармалды

Бишкекте тергөөчү опузалап акча алып жатып кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү, ага лейтенант, А.К. аттуу адам кармалган. Ал Чүй облусунун Аламүдүн РИИБинин Д.К. аттуу кызматкери менен бирге М.у.Т. аттуу тургунга жасалма кылмыш ишин токуп, ага басым кылышып, ишти токтотуу үчун 2 миң доллар алышкан.

Бирок алар аталган ишти токтото алышпай калып, 1,5 миң долларды кайра кайтарышкан. Аталган милиция кызматкерлеринин бири калган 500 долларды кайтарып жаткан учурда кармалган.

Учурда шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>