Ишеним аркылуу коопсуздук: Кыргызстан ШКУну жаңы механизмдер менен толуктоодоБА өлкөлөрүндө энергоинфраструктуранын эскириши 80%га жетти: ЕӨБ энергетикалык коопсуздук үчүн тобокелдиктер жөнүндө эскерттиНооруз майрамы быйыл президенттин катышуусунда Нарын шаарында белгиленетКыргызстанда шаурманын баасы кантип жана эмне үчүн айырмаланат?Кытай Кыргызстанда катаракта менен жабыркаган бейтаптарга акысыз операцияларды өткөрүүнү сунуштадыКыргызстанда 4-апрель Санариптик технологиялар чөйрөсүнүн кызматкерлеринин күнү деп белгиленди
Бишкекте троллейбус айдоочусу болууну каалагандар акысыз окутулат
18.08.2023 | 09:30
Троллейбус айдоочусу болууну каалагандар акысыз окутулат. Бул тууралуу Бишкек троллейбус башармалыгы билдирди.
Маалыматка караганда, башкармалык “Т” категориясы бар айдоочуларды ишке чакырат. Ошондой эле, троллейбус айдоочусу болууну каалаган жарандар үчүн №20 кесиптик лицейде акысыз курс жана стажировка бар. Окуу мөөнөтү 6 айды түзөт.
“Курсту аяктагандан кийин расмий ишке орноштурууга жана татыктуу эмгек акыга кепилдик берилет. Муктаж болгондор үчүн окуу жайда акысыз жатакана берилет”, – деп айтылат маалыматта.
№20 кесиптик лицейдин дареги: Купянский көч. 30 А.
Байланыш телефону: 0550 220 173.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом