Маданият министрлиги 673,5 млн сомду каякка жумшарын айтты

Маданият министрлиги 673,5 млн сомду каякка жумшарын айтты

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлиги маданият, искусство жана спорт тармагына бөлүнгөн 673 млн 515 миң сом кайсы багыттарга жумшаларын айтты.

Белгилүү болгондой, буга чейин министрлер кабинети бюджеттен маданият, искусство жана спорт чөйрөсүнө 673 млн 515 миң сом бөлөрү кабарланган.

Аталган каражат кандай жумшалат:

— Улуттук маданияттын жетишкендиктерин өлкө ичинде жана чет өлкөлөрдө пропагандалоого;

— Чыгармачыл союздарга буйрутма берүүгө;

— Музыкалык аспаптарды сатып алууга;

— 40 райондук маданият үйлөрүнө музыкалык жабдыктарды сатып алууга;

— Билим берүү мекемелеринин материалдык базасын чыңдоого жана окуу-усулдук басылмаларды чыгарууга;

— Театралдык оюн-зоок мекемелеринде жаңы спектаклдерди сахналаштыруу, гастролдорду уюштурууга;

— Улуттук жана концерттик костюмдарды сатып алууга;

— Музыкалык жабдыктарды (үн күчөткүчтөр, жарыктандыруу ж.б.) сатып алууга;

— Спорт тармагы боюнча иш-чараларды уюштуруп, өткөрүүгө жана спорттук шаймандарды сатып алууга;

— Жаштар саясаты боюнча иш-чараларды уюштуруу, жаштар уюмдарынын долбоорлорун ишке ашыруу, ошондой эле бүткүл республика боюнча жаштар лидерлерин окутуу жана өнүктүрүү үчүн региондордо жаштар саясатын ишке ашырууга;

— Инвентарлар жана медициналык жабдуулар менен камсыз кылууга;

— Музыкалык жабдыктарды ташуу үчүн жүк ташуучу автоунаа алууга жумшалышы пландалууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>